Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 22.02.2018 15:01

Кара-Сууда жөө жүргүнчүнү сүзүп өлтүргөн унаанын айдоочусу качып кетти

Turmush -  Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там жолунда 21-февралга караган түнү саат 23:30 чамасында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык болду. Окуя Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында катталган.

Жабыркаган адамды жергиликтүүлөр Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирип, бирок ал көп узабай көз жумган. Маркумдун өздүгү такталып, Алай районунун Кабылан-Көл айылынын 1979-жылы туулган тургуну Б.С. экени белгилүү болду. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуну табуу үчүн жарандардан жардам сурайт. Байланыш номуру: (0550) 27 00 28, (03222) 2 30 87.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×