Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 23.02.2018 09:17 На русском

Фото - Эки жолу эгиз, үчүнчүсүндө 3 эм төрөлгөн Түмөновдордун үйү өзүнчө бала бакча

Turmush -  Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын жашоочусу Ниязбек Түмөнов жубайы Элмира Сулайманкулова менен баш кошконуна 9 жыл болду. Бул аралыкта жубайлар эки жолу эгиз балалуу жана 3 эмдүү болушту.

Жубайы менен таанышуусу жана эгиздердин мүнөздөрү тууралуу Ниязбек Түмөнбаев аймактык кабарчыга айтып берди.

«Жубайым экөөбүз туугандардын тоюнда таанышканбыз. 1 ай сүйлөшүп жүрүп, мен аны Ош шаарынан алып келгем. Буйруса экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 9 жыл болду», - деди ал.

Эки эгиз жана 3 эмдүү болгон үй-бүлөнүн кубанычында чек жок.

«Азыр экөөбүздүн ортобузда 7 балабыз бар. Биринчи эгиздер — Айзат жана Бекзат 8 жашта, экинчи эгиздер — Айжан менен Байжан 6 жашта. Ал эми 3 эм — Асан, Үсөн жана Батма 1 жаш 7 айлык болуп калышты. Балдарыбыз биздин бактыбыз. Эгиз балдардын, 3 эмдердин төрөлүшү жараткандан бизге белек деп ойлойбуз», - деди ал.

Түмөновдун үйү өзүнчө бала бакча. Ал эми эгиздер менен 3 эмдин ар биринин мүнөзү ар башкача.

«Чындыгында биздин үй өзүнчө бала бакча. Балдар менен алек болуп жүрүп, күн кантип кечкирип кеткенин билбей деле калат экенсиң. Балдар эгиз болгону менен ар биринин мүнөздөрү ар башка. 3 эмдер да ар башка мүнөздөрдү көрсөтүшөт. Асан абдан шок болсо, Үсөндүн мүнөзү токтоо. Ал эми Батма кыз бала болгону үчүнбү баамчыл. Жагдайга, маанайга карап мамиле кылат», - деп кошумчалады.

Учурда Ниязбек Түмөнов 35 жашта болсо, жубайы Элмира Сулайманкулова 32 жашта.

Бекзат менен Айзат:

Бекзат Жеңишов менен Айзат Жеңишова 2009-жылы 7 айлык болуп төрөлүшкөн. Апасы Элмира Сулайманкулованын айтымында, алгачкы төрөтү болгондуктан 7 айлык наристелерди багуу кыйын болгон.

«Боюмда болгондо эле алар эгиз экенин билгем. Алгачкы төрөтүм болгондуктан өзүмдү жакшы караган эмесмин. Кош бойлуу мезгилимде үй жумуштарын аткарып жүрө берип, айына жетпей төрөдүм. 7 айлык эгиздердин салмагы да абдан аз болчу. Алгач уулум Бекзат 1 кг 500 гр салмакта төрөлдү. Андан 2-3 мүнөттөн кийин кызым Айзат 1 кг 800 гр болуп төрөлдү. Эгиздерге салмак кошулганча ооруканада 1 айдан ашуун жаттык. Дарыгерлер алардын салмагы 2 кг 300 гр болгонго чейин карашты. Ооруканадан чыккандан кийин үйдө жолдошум экөөбүз бактык. Алгач кайын атамдар “желим бөтөлкөдөй” дешип, жанына жологондон коркуп жүрүштү», - деди эгиздердин апасы.

Айзат, Бекзат

Эгиздердин артынан дагы эгиздер — Айжан менен Байжан келген.

Айжан, Байжан

Ал эми, эң кичүүлөрү 3 эм.

Элмира Сулайманкулова 2016-жылдын 27-июлунда 2 уул жана 1 кызды жарыкка алып келген. Биринчи төрөлгөн уулу — 2 кг 85 гр, кызы — 2 кг 365 гр, ал эми үчүнчү болуп төрөлгөн уулу — 2 кг 700 гр салмакта. Аларга Асан, Үсөн жана Батма деген ысымдарды ыйгарышкан болчу.

534

Фото - 2 жуп эгизден кийин 3 эм төрөлгөн кара-суулук үй-бүлөнүн бактысы

Фото - Эки түгөй эгиз балдары бар кара-суулук эне 3 эм төрөдү (толукталды)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×