Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 27.02.2018 10:49

Кара-Суудагы мектептердин айланасын бак-дарактарга толтурушат

Turmush -  «Коопсуз мектеп» долбоорунун алкагында Кара-Суудагы мектептердин аймагына бак-дарактардын көчөттөрү отургузулуп жатат. Анын алкагында 25-февраль күнү Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ордо айылындагы Кызыл-Ордо орто мектебинин айланасына 50 түп көчөт отургузулду.

Айыл өкмөттөн маалымдашкандай, иш-чарага Жогоку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев, айыл өкмөттүн башчысынын орун басары, айыл тургундары жана мугалимдер катышты. Эми башка мектептерде да көчөттөрдү отургузуу кампаниясы улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×