Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 27.02.2018 20:41

Зарбалик айылында ашар менен курулган кооптуу имаратта 300дөн ашуун окуучу билим алат

Turmush -  Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Зарбалик айылындагы №36 мектептин эски имараты кооптуу абалда турат. Жергиликтүү жашоочу Жоомарт Үтүровдун айтымында, бул айыл түптөлгөнү мектеп үчүн атайын имарат курулган эмес. Ошондой эле, мектеп курууга жер тилке бөлүү иштери алдыга жылбай келет.

«Айылыбызда 1987-жылы 3 жылдык мектеп ачылган. 3 жылдык мектепте балдар 7-класска чейин билим алышкан. Андан кийин 1970-жылы курулган бала бакчанын имараты мектеп болуп, балдар батпай калганда эл ашар жолу менен кошумча имарат курушкан (2000-жылдары). Ошондон бери ушул имаратта балдар билим алып жатышат.

2013-жылы айылдык кеңеш Зарбаликтин мектеби үчүн 2 гектар жер бөлүнсүн деп токтом чыгарып берген. Андагы айыл өкмөт башчы кетип, экинчиси иштеп жатат. Бул маселе дале болсо чечиле элек. Андан бери 2 айылга мектеп курулуп бүттү. Эми Маданият айылына мектеп курулганы жатат. Чынын айтсам ал айыл мектептин жаңы имаратына бизчелик муктаж эмес», - деди Ж.Үтүров.

Ал эми Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Тилебаев мындай маселе мамлекеттик деңгээлде гана чечилерин айтты.

«Айылдык кеңеш тарабынан 2 гектар жер бөлүнсүн деген токтом чыккан экен. Ал эми 2008-жылы суу баруучу жер социалдык объектилерге берилбесин деген мораторий жарыяланган. Мораторий 2015-16-жылдары гана алынды. Азыр биз Бишкекке кат жолдодук. Бирок бул сунуш 2019-жылкы планга кирип калат.

Ал эми Маданият айылында калктын саны көп. Ошондой эле, мектептин трансформация жүргүзүлгөн жери бар жана демөөрчүлөр колдоо көрсөтүп жатышат. Бул мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе», - деди Ж.Тилебаев.

Учурда Зарбалик айылындагы мектепте 332 окуучу 3 кезмет менен билим алып жатышат. Мектеп директорунун айтымында, учурда болгону 9 класстык бөлмө бар. Анын ичинен жетөө окуу бөлмөлөрү болсо, бирөө усулкана, бири компьютердик класс катары колдонулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×