Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

2 айдын ичинде Кара-Сөгөттөгү 20 жылкыны карышкырлар жеп кетти, - жашоочулар

Turmush -  Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сөгөт айылында карышкырлар 2 айдын ичинде 20га жакын жылкыны зыянга учуратты. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочу Тынчтыкбек Ысмайылов билдирди.

Мындан улам айыл тургундары коңшу айылдан 4 мергенчини чакырып, карышкырлардын изине түшүшкөн. Бирок алар карышкырларды ата алышкан эмес. Андан кийин жергиликтүүлөр Алайдан 4 мергенчи чакыртып, бирок анда да жыйынтык болгон жок. Ал эми Катта-Талдык айыл өкмөтү айылдыктардан бул маселе боюнча кайрылуу түшпөгөнүн билдирүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 775
Көп окулду
×