Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 28.02.2018 15:45

Аймактарды өнүктүрүү жылы: Эң чоң айыл өкмөттөрдүн бири Наримандагы ийгиликтер

Turmush -  Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтү айылдардагы жашоо деңгээлди жогорулатуу, бул багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу багытындагы ишмердүүлүгүн улантат. Нариман айыл өкмөтү Кыргызстандагы чоң айыл өкмөттөрдүн бири болуп саналат. Учурда анын курамындагы 16 айылда калктын саны 47 миң 531 адамга жетти.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Улугбек Рахманов өткөн жылы аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Улугбек Рахманов

«Ааламга кеткен жол айылдан башталат» дегендей биз дагы айылдарды өнүктүрүүгө колдон келген аракеттерди жумшап жатабыз. Биздин айыл өкмөттүн курамындагы Осмон айылындагы Эркин Кыргызстан мектебинин алдына брусчатка басылып, 418 миң 315 сом сарпталган. Ага кошумча 104 миң 550 сом акча каражаты берилип, белгиленген жумуштар толугу менен аткарылгандан кийин пайдаланууга берилди.

Тажиматов атындагы орто мектебине 500 миң сомго дарбаза орнотулуп, имараттын алдына брусчатка басылды. Ага 115 миң 314 сом кошумча жумшалды.

Айыл өкмөттүн имаратынын аянтына брусчатка бастыруу үчүн 2016-жылы 699 миң 994 сом бөлүнүп, иш толук бүткөрүлбөгөндүктөн 2017-жылы 174 миң 857 сом кошумча каралган. Жумуштар толугу менен бүткөрүлдү», - деди У.Рахманов.

Айыл өкмөттөгү 3 айылга электр мамычалары жеткирилген.

«Биздин айыл өкмөттүн курамындагы Беш-Мойнок, Кызыл-Мээнет, Лангар айылдарына электр мамычаларын алып берүү үчүн 431 миң 750 сом акча бөлүнүп, мамычалар жеткирилди. Айыл өкмөттүн мектептерине, мектепке чейин билим берүүчү мекемелерге жана айыл өкмөттүн контораларына 12 ай ичинде таза суу, газ, электр энергия үчүн 3 млн 554 миң 700 сом каражат жумшалды. Нариман айыл өкмөтүнүн Зарбдор жана Арипжан айылдарына макам алууга байланыштуу жумуштарды аткарууга 43 миң 615 сом акча каражат берилди. Айыл өкмөттүн спортчуларына 66 миң сомдук спорттук кийимдер да алынган», - деди айыл өкмөт башчысы.

Айылдагы балдар бакчасына кошумча окуу бөлмөлөрү курулуп, айрым мектептер компьютер менен камсыздалган.

«Беш-Мойнок айылынын «Ай Элес» балдар бакчасына кошумча бөлмөлөрдү куруу үчүн 145 миң 733 сомдук долбоорду иш жүзүнө ашырууга жргиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү. Зарбдор айылындагы Ч.Айтматов атындагы билим берүү комплексине 182 миң 300 сомдук 10 даана компьютер жана 29 миң 500 сомдук компьютер столдору алынган. Нариман айыл өкмөтүнүн айланасына жана баардык айылдарга бирден маалымат тактайчаларын жасоо үчүн 180 миң сом акча каражаты сарпталды. Зарбдор айылына суу сактагыч куруу үчүн 971 миң 271 сом акча берилип, Нурдар айылынын ички көчөсүнө 96 миң сомдук полиэтилен түтүктөрү алынган», - деп кошумчалады.

Ошондой эле, кургак учук оорусун алдын алуу багытында да акча каражаты бөлүнгөн.

«Калк арасында кургак учук оорусун алдын алуу үчүн 50 миң сомдук хлор сатып алдык. Айыл өкмөтүбүздүн кызматкерлери үчүн 199 миң 800 сомдук эмеректер алынды. Ч.Айтматов, Тожиматов, ВЛКСМ мектептериндеги пайдаланылган интернет байланышынын кызматы үчүн 39 миң 200 сом төлөнгөн. Ал эми Беш-Мойнок орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоо иштери үчүн 760 миң сом жумшалды. Т.Сулайманов айылындагы мектептин эшик-терезелерин жаңылоо үчүн 361 миң 505 сом каралган.

Чолпон атындагы мектептин спорт бөлмөсүн капиталдык оңдоо үчүн 402 миң 200 сом акча каражаты бөлүнүп, учурда оңдоо иштери аяктады. Нурдар айылынын ички жолу кеңейтилип, капиталдык оңдоо чүн 266 миң 617 сом берилген. Учурда жол пайдаланылып жатат. «Ак Тилек» бала бакчасынын жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 482 миң 692 сом акча берилип, азыркы учурда иштер аяктады. Мындан сырткары «Ак жол» бала бакчасынын полун оңдоо үчүн 164 миң 239 сом, Х.Мирзажанов мектебинин спорт залындагы эшик-терезелерди жаңылоо үчүн 326 миң 668 сом, Тажик-Абад айылынын жолун асфальттоого 1 млн 539 миң 939 сом, ага кошумча 248 миң 336 сом бөлүнүп, иш аяктады», - деди айыл өкмөт башчы.

Ошондой эле, 2017-жылы айыл өкмөттөгү бир катар айылдын жолу асфальтталды.

«ВЛКСМ айылынын жолуна асфальт төшөө үчүн алгач 928 миң 840 сом, ага кошумча 230 миң сом берилип, иш аягына чыгарылган. Тажик-Абад айылындагы «Ак кеме» бала бакчасынын тарбиялануучуларына жайкы эс алуу аянтчасын куруу үчүн 184 миң 174 сом бөлүнүп, аянтча пайдаланууга берилди. Каратай айылындагы А.Султанов мектебине 59 миң сомдук курулуш каражаттарын сатып бердик.

Жаңы Маале айылындагы Турзунзаде мектебинин чатыры 439 миң 105 сомго жаңыртылды. Ошондой эле, мектептерге 149 миң сомдук электрдик товарлар алынган. Зарбдор айылындагы «Келечек» бала бакчасынын суу түтүктөрүн оңдоо үчүн 73 миң 625 сомдук керектүү жабдыктар алынса, Нариман айылына көпүрө куруу үчүн 148 миң сом, Алиман-Төбө айылынын жолун асфальттоо үчүн 1 млн 142 миң сом, ага кошумча 248 миң 336 сом бөлүнүп, иштер аяктады.

Айыл өкмөттүн эски имаратын капиталдык оңдоо үчүн 353 миң 730 сомдук иштер жүрүп, имарат пайдаланууга берилди. Ал эми мектептерди кыш мезгилине карата көмүр менен камсыз кылуу үчүн жарыяланган тендердин негизинде мектептер боюнча 1 млн 202 миң 800 сомго, бала бакчалар боюнча 174 миң 800 сомго келишим түзүлгөн», - деди У.Рахманов.

Башталгыч класста окуган окуучулар үчүн ысык тамак уюштуруу багытында дагы бир катар иштер аткарылды.

«Жаңы окуу жылынан баштап айыл өкмөттөгү 6 мектептин башталгыч класстарынын окуучуларына бир маал ысык тамак уюштуруу боюнча «Мерси-Ко» уюмуна тапшырылган долбоорлор жактырылып, ал мектептерге кошумча өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 млн 350 миң сом бөлүндү. Лангар айылындагы Ж.Култаев мектебинин спорт залын жана от казанын капиталдык оңдоо үчүн 674 миң сом, Халбаев орто мектебинин эшик-терезелерин жаңылоо үчүн 89 миң 704 сом, Джим айылына асфальт төшөө үчүн 1 млн 956 миң 54 сом каралып, иш аягына жеткирилди. Айыл өкмөттүн клубуна 148 миң сомдук унаа жабдыктары тендердин негизинде алынган жана Кызыл Мээнет мектебинин көмөкчү чордонун оңдоого 57 миң 365 сом берилип, иштер аткарылып бүттү.

Ал эми Алим-Тепа, ВЛКСМ каналдарын тазалоого 150 миң 420 сом, Лангар айылындагы китепкананы оңдоо үчүн 39 миң 800 сом, Нариман, Жийделик, Жаңы-Маале айылдарынын жаңы конуштарына бетон мамычаларды алуу үчүн 932 миң 520 сом, Лангар айылына таза суу жеткирүүгө 1 млн 421 миң сом бөлүнгөн. Учурда таза суу багытындагы иштер улантылып жатат.

Осмон айылындагы ФАПтын имаратын капиталдык оңдоо үчүн 226 миң 412 сом тендерден өтүп, азыркы күндө иш аягына чыккан. Нариман айылына таза суу үчүн 160 миң 650 сом, андан сырткары 63 миң 200 сом жолбун иттерди атуу үчүн каралган», - деди айыл өкмөт башчы.

Учурда айыл өкмөттөгү баардык мектептер интерактивдүү такталар менен камсыз болду.

«Айыл өкмөттүн мектептерине интерактивдүү такталарды орнотуу үчүн 339 миң сом каражат сарпталды. Кызыл-Мээнет айылындагы Кызыл-Мээнет мектебинин жыйындар залынын эшик-терезелерин желимге алмаштыруу үчүн 261 миң сом, Зарбдор, Нурдар айылына электр мамычаларын алуу үчүн 637 миң сом каражат жумшалган.

Айыл өкмөттүн киреше бөлүмүнүн кызматкерлерине жана керектүү бөлүмдөргө компьютер сатып алуу үчүн 245 миң 700 сом, айыл өкмөттүн керектүү бөлмөлөрүн жана киреше бөлүмүнө бирдиктүү терезе уюштуруп, оңдоо иштери үчүн 149 миң 400 сом сарпталды. Ошондой эле, бир жылда Каратай айылына таза суу чыгаруу үчүн 473 миң 646 сом, жаңы бөлүнгөн тилкелерге шагыл төшөө үчүн 196 миң 351 сом, бала бакчалардын техникасы үчүн 303 миң 620 сом, Нариман айылынын жолуна асфальт төшөө үчүн 457 миң 457 сом сарпталган. Ал эми бала бакчалардын имараттарынын ижара акысы үчүн 40 миң сом жумшалды», - У.Рахманов.

12 ай ичинде даталуу күндөргө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн каражат боюнча маалымат:

1. 2017-жылы 15-февралда Ооган согушунун катышуучуларына материалдык колдоо көрсөтүү үчүн 87 миң сом бөлүнгөн;

2. 8-март Эл аралык аялдар күнүнө карата 78 миң 500 сом;

3. Нооруз майрамына карата 81 миң сом;

4. 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата 20 миң сом концерттик программа үчүн жумшалса, 38 миң сом тылда кызмат кылган ардагерлерге белек катары берилди;

5. 1-июнь Эл аралык балдар күнүнө карата 60 миң сом;

6. Спорттун тхэквандо түрү боюнча спортчуларды Бишкек шаарына мелдешке жөнөтүү үчүн 30 миң сом;

7. Арыз менен кайрылган 298 жакыр үй-бүлөгө 968 миң сом;

8. Майыптарга дары-дармек сатып алуу үчүн 42 миң 400 сом;

9. Спортчуларды Бишкек шаарына жөнөтүүгө 24 миң сом;

10. Нариман айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Мээнет айылында өткөрүлгөн мелдешке катышкан спортчуларга 4 миң 500 сом;

11. Эгемендүүлүк күнүнө карата 78 миң 800 сом;

12. Карыялар күнүнө карата 148 миң сом;

13. Майыптар күнүнө карата 120 миң сом бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×