Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 01.03.2018 10:36

Кожокелен айылында кыш аяктагыча 40 топоз, 21 кой жана 5 бээни карышкырлар жеп кетти

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Кожокелен айылында 4 айдын ичинде карышкырлар 65 баш малга зыян келтирди. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Нурмамат Үсөнов билдирди.

«Кожокеленде кыш да узак болот. 4 айдан бери элдин 65 малын карышкырлар жеп кетти. Ноябрь айында талаадагы койлорго бөрү кол салып, бир эле адамдын 20 коюн зыянга учураткан. Жалпы 4-5 жылкы карышкырга жем болду.

Бир апта мурун коңшумдун короосунан 1 коюн жеп кетиптир. Мындан сырткары, кышында дагы талаада болуучу 40тай топозду жок кылышкан. Көргөндөрдүн айтымында, булардын баардыгын 15 чамалуу карышкырлар жеген», - деди айыл башчы.

Бул кышта айылдын аймагынан карышкырлар атыла элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×