Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Ошто 54 жаштагы тургунду өз үйүндө өлтүрүп, 276 миң сом уурдап кеткен жарандар кармалды (фото)

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунда мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 25-февраль күнү болжол менен саат 16:30 чамаларында Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн 1964-жылы туулган Н.Х. аттуу жашоочусу белгисиз адамдар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Анын жансыз денеси үйүнүн бөлмөсүндө табылган. Үйдүн жанынан далил буюм катары кандын тактары бар балка табылган.

Маркумдун денесиндеги жаракаттарды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аталган факты боюнча КРнын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Ош ОИИБдин жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран изин жашырып жүргөн жеринен кармалган. Ал жабырлануучу менен буга чейин Россияда бирге иштеп жүргөн Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Х. уулу Б. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Шектүү өз көрсөтмөсүндө, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого досторун үгүттөп, А. жана У. аттуу достору менен 25-февралда түнкүсүн маркумдун үйүнө барышкан. Алар темир түтүк жана балка менен үйгө киришип, уктап жаткан Н.Х. аттуу жаранды 3-4 жолу уруп, папкада сакталып турган документтерди жана акчаны алып, качып кетишкен.

Маркумдун үйүнөн алган акчаны ар бири 92 000 сомдон бөлүп алышып, элден топтолгон Кыргызстандын жалпы жарандык 22 даана паспортту өрттөп жиберишкен.

Кылмышка шектүүнүн шериктеринин бири ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө Ош шаарындагы чайханалардын биринде иштеп жаткан жеринен кармалган. Үчүнчү шектүү - Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган Б.у.У. аттуу жашоочусу Кызыл-Кыя шаарынан Ошко келе жатканда колго түшүрүлгөн.

Учурда шектүү катары кармалган 3 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Иликтөө учурунда маркум Россияга жарандарды алып барып, жумушка орноштуруп жүргөндүгү белгилүү болгон.

Окуя болгонго чейин 22 жаранды Россияга жумушка орноштурам деп учакка билет алууга ар биринен 12 миң сомдон паспорттору менен топтогондугу аныкталды. Жалпысынан 276.000 сом топтолгон акчаны алуу үчүн шектүүлөр аны мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9064
Көп окулду
×