Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 06.03.2018 10:43

Кара-Сууда 59 жаштагы аялды автоунаа сүзүп каза болду

Turmush -  Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагынын Медресе айылында 59 жаштагы аялды автоунаа сүзүп кетти. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, окуя кечээ, 5-мартта саат 21:00 чамасында эл аралык маанидеги Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там автоунаа жолунун 4-чакырымында болгон.

Жөө жүргүнчү оор жаракат алып, көп узабай көз жумду. Автоунаа Кара-Суу РИИБдин айып төлөөчү жайына токтотулуп, тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×