Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 07.03.2018 09:34

Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын жогорку билими тууралуу дипломуна жасалма маалымат жазылганы боюнча иш козголду

Turmush -  Кара-Суудагы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына тиешелүү жогорку билими тууралуу документте жасалма фактылар аныкталып, кылмыш иши козголду. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургун Абдикахар Хусанов маалымат жыйын өткөрүп, айыл өкмөт башчы өз кызматына татыктуу эместигин айтты. Мурда Нариман айыл өкмөтүнүн Кызыл-Мээнет айылында башчы болуп эмгектенген А.Хусанов билимдүү адамдар гана жетекчилик кызматты ээлеши керек деген пикирде.

«Мен 2010-жылдан 2017-жылга чейин айыл башчы болуп иштегем. Ал мени мыйзамсыз иштен алган. Анын диплому да жасалма. Өзүнүн милдетин билбеген адам кантип айыл өкмөт башчы болуп алганын билбей калдым. Ал каалаганын иштен алып, айыл өкмөттү менчик ишканадай пайдаланып жатат. Мындай адамдардан тазалануу керек. Биздин айыл өкмөт эң чоң айыл өкмөт. Арыздангандар андан коркушат. Кызматтан кетиши керек», - деди Абдикахар Хусанов.

Бирок бул маалыматтарды Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Улугбек Рахманов четке какты.

«Ал киши мурда жер адиси болуп иштеген. Айыл башчы да болуп иштеди. Кызматына шалаакы мамиле кылганы үчүн жумуштан алгам. Ошондон кийин мага таарынычы бар. Бүгүнкү айткан сөздөрүнүн баары калп. Ал эми жогорку билим тууралуу айтсам, мен билим алгам, дипломум бар. Бир окуу жайдан экинчи окуу жайга которуп, ал тууралуу маалыматтар камтылган маалым кат үчүн кылмыш иши козголду. Иш менин үстүмдөн козголгон жок, мага ошол маалым катты берген мугалимдин документ бергени боюнча козголду», - деди У.Рахманов.

ИИМдин түштүктөгү тергөө кызматы арыздын негизинде Улугбек Рахмановдун окугандыгы боюнча маалыматтарды текшерүүгө алган.

Маалым болгондой, Улукбек Рахманов Ош шаарындагы Укук бизнес жана компьютердик технологиялар академиясында 2010-жылдын ноябрь айынан баштап, 2015-жылга чейин келишимдик негизде сырттан окуган. 2015-жылы ал окуу жай жабылып, студенттерди Бишкекте которушкан. Ошондо Улугбек Рахманов 4-курсту аяктагандан кийин Ош мамлекеттик юридикалык институтунун сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, 2016-жылы юриспруденция адистиги боюнча юрист квалификациясы ыйгарылып, диплом алган. Бирок материал боюнча жүргүзүлгөн соттук-кол жазма экспертизасынын кортундусуна ылайык, академиялык маалыматка жана анын тиркемесине Укук бизнес жана компьютердик технологиялар академиясынын кызматкерлери тарабынан жасалмалоо жолу менен туура эмес маалыматтар жазылганы аныкталган. Документтер жасалма даярдалганы боюнча 2018-жылдын 26-февралында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бирок айыл өкмөт башчынын окуу жайда жогорку билим алганы анык. Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы да тастыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×