Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 07.03.2018 14:39

Тыныч Бектиров кайрадан Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Бүгүн, 7-мартта Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтүп, добуш берүүнүн жыйынтыгында кайрадан Тыныч Бектиров жеңишке жетишти. Бул маалыматты өзү тастыктады.

Айыл өкмөт башчылыкка Тыныч Бектиров жана Абдулла Дооронов талапкерлигин коюшкан. Жыйынтыгында Тыныч Бектиров 12 добуш менен алдыга чыгып, экинчи ирет айыл өкмөт башчы болуп шайланды. Ал буга чейин да айыл өкмөттү жетектеп келген. 32 жаштагы Т.Бектиров кесиби боюнча экономист.

Айылдык кеңештин курамында жалпы 21 депутат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×