Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 14.03.2018 15:40

Кыргызстандагы эң бай айыл өкмөттүн башчысы депутаттарды сотко бермек болуп жатат

Turmush -  Кара-Суунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев туура эмес маалымат тараткан депутаттарды сотко берет. Ал бул тууралуу бүгүн, 14-мартта АКИpress-Оштогу маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, айылдык кеңештин депутаттары айтып чыккан дооматтар чындыкка дал келбейт.

«Мен бүгүн Сарай айылдык кеңешинин 8 депутатынын күнөөлөгөнү боюнча билдирүү берип жатам. Мындан сырткары маалымат жыйында ишкер мени акчаларды өөнөп алды деп күнөөлөгөн. Анда «2010-жылы мурдагы айыл өкмөттүн убагында бюджет 160 млн сом болгон, Замир келгенден кийин бюджет 95 млн сомго түшүп кетти» деп айып тагышкан. Мындан сырткары сабатсыз деп дагы атаган эле. Алардын айткандырынын бары жалган. Себеби Сарай айыл өкмөтүнүн бюджети 2010-жылы 160 млн эмес, 78 млн эле болгон. Мен ишке келгенден тартып жылдан жылга бюджет өсүп, учурда 121 млн сомго жетти. Эч кандай 160 млн сом болгон эмес. Депутаттар менен ишкер менин үстүмөн 8 жерге арыз жазган. Алардын аразынын негизинде укук коргоо органдары келип текшерүү жүргүздү. Текшерүүнү жыйынтыгында менин үстүмөн арыздангандардын төртөөсү мурдагы айыл өкмөт башчысынын бир туугандары болуп чыкты. Жеке ишкер мени күнөөлөгөндүгүнүн себеби ал мурда аукциондорго катышып, жерди сатып алган. Биз келгенден кийин ал жер мыйзамсыз сатылганы аныкталган. Мындан сырткары мени сатты деген жерлер мурдагы айыл өкмөттүн колу менен сатылганыдагы аныкталды. Болгондо дагы өзүнүн бир тууган инисинин аялына 18 сотых жерди жеке менчикке берип койгонду ачыкка чыкты. Депуттар мыйзамсыз үлүш жерлерди берген деп дагы айыптап жаышат. Мен айыл өкмөт болуп келгенден бери бир дагы жер маселеси боюнча токтом чыгарган жокмун. Биз кайра 713 токтомду мыйзамсыз берилгендиги боюнча жокко чыгарганбыз», - деди Тургунбаев.

Ал буга катар эле депутаттардын «кумар ойноп акча уттурду» деген доосу дагы аныкталбаганын билдирди.

«Депутаттар мени кумар ойноп, Казакстанда айыл өкмөттүн бюджетинин акчасын уттуруп салган деп айтышкан. Менин колумда Ош облустук прокуратурасынын кагазы турат. Текшерүүдө мен Казакстан өлкөсүнө бир жолу өткөнүмдү аныктаган. Анда укук коргоо органдары, район жетекчилери менен барганымды аныктап, 3 күн атайын семинарда жүргөнүмдү билдирип жатат. Эгер Казакстанга барсам менин чет өлкөгө чыккан боюнча маалыматтар чыкмак да. Алар мени кумар ойноо боюнча тизмеде турат деген дагы дооматтарды айтышкан. Бирок укук коргоо органдары кумар ойноочулардын тизмесинде жок деген тыянакты дагы берип жатат. Мындан сырткары алар «унаалар токтоочу жайдан эсепчи экөө акча жеп жатат» деп дагы айтышкан. Айта кетүүчү нерсе Кара-Суу базарында унаалар токтоочу жайдан 2014-жыга чейин 40 миң сомго чейин эле акча түшүп келген болсо, аны 1 млн сомдон ашырдык. Бул сол чөттөккө кеткен акча бюджеттке түшө баштады деген сөз. Азыр менин үстүмөн арызданып жаткандар ушул акчаларды пайдаланып, бул акчадан кол жуугандан кийин ар кандай аракеттерге барып жатат деген ой келип жатат.

Учурда Сарай айылдык кеңешинин 18 депутаты биздин иштегенибиз боюнча өздөрүнүн билдирүүлөрүн берди. Иштегенибизге эч кандай каршылыгы жок экенин айтып жатат. Мени жалгандан айыптаган 8 депутаттын айыптарынын бири дагы аныкталган жок. Биз бул боюнча юристер менен сүйлөшүп жатабыз. Жалган айыптоолор боюнча сөзсүз сотко кайрылабыз», - деди Тургунбаев.

Окуя тууралуу:

Буга чейин, 14-февралда Кара-Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин депутаттары Кыргызстандын түштүгүндөгү эң бай деп саналган Сарай айыл өкмөтүндө алгылыктуу иштер аткарылбай жатканын айтып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошкон болчу

Маалымат жыйынга чогулган депутаттар Сарай айыл өкмөтү «Кара-Суу» базарынын эсебинен бай айыл өкмөттөрдүн катарын толуктап, бюджети 100 млн сомдон ашык экенин айтышкан.

«Киров айылына бала бакча курууга 30 млн сом бөлүнгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бала бакча үчүн жер тилкеси бериле элек. Айрым жер тилкелерди сатып жиберишкен. Күнөөлүү адамдарга юридикалык баа берүү керек. Биздин айыл өкмөттө мыйзамсыз иштер көп», - деген айылдык кеңештин депутаты Алмаз Батыров.

Депутаттар

Сарай айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөт башчысына нааразы

Жыйында айыл өкмөт башчысы отчет бербей жатканын да сынга алышкан.

«Биздин айыл өкмөт эң бай. Бирок элге керектүү иштер аткарыла элек. Президентибиз, премьер-министрибиз айыл аймактарды өнүктүрөлү деп жатат. Айыл өкмөттөр тазаланмайынча айылдар өнүкпөйт. Депутаттар, эл дагы айыл өкмөт башчыга нааразы. Отчет бербейт. Ага чара көрүү үчүн президентке, өкмөт башчыга кат жолдодук. Бийлик өз көзөмөлүнө алса жакшы болмок, анткени коррупция көп», - деген эл өкүлү Мурат Акимов.

Ал эми Сарай айылдык кеңешинин мурдагы төрагасы Алтын Салимовдун айтымында, айыл өкмөт башчы 2016-жылдагы отчетту да тапшыра элек болчу.

«2016-жылы мен төрага болуп турганда 149 млн сом менен бюджет жабылган. Бирок анын да отчетун бере элек. Айыл өкмөттөгү 16 гектар аянт көрүстөн болсун деп токтом чыккан. Бул да ишке аша элек. Ар ким кылган ишине жооп берсин», - деген ал.

Бирок Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев депутаттардын дооматы негизсиз деп эсептей тургандыгын, ал мыйзам бузуу аныкталса жооп берүүгө даяр экенин билдирген эле

«Арыздануу боюнча Ош облустук прокуратурасы текшерип жатат. Эгер мен мыйзам бузганым аныкталса жооп берүүгө даярмын. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен маалымат жыйын куруп, журналисттерге толук маалымат берем. Депутаттардын айткандары негизсиз», - деген болчу анда Тургунбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×