Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 18.04.2018 11:26

Кара-Суунун Асан-Чек айылындагы мамыны унаа сүзүп кулаткандан бери электр энергиясы үзгүлтүккө учурады, - тургундар

Turmush -  Кара-Суу районунун Асан-Чек айылындагы электр мамыны автоунаа сүзүп оодарып кеткенден бери электр энергиясы туруксуз берилип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымдарында, 10 күн мурун белгисиз унаа жолдун четиндеги жогорку чыңалуудагы электр мамысын сүзүп оодарып кеткен. Анын кесепетинен электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Ошондой эле кулаган электр мамысы да оңдоло элек.

Ош электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, учурда Кара-Суу районунун Асан-Чек, Кыргыз-Чек айылдарында Беш-Мойнок көмөкчү чордонун оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ошондуктан электр энергиясы туруксуз берилүүдө.

«Жакынкы убакта электр энергияны берүү калыбына келтирилет. Ал эми электр мамысын сүзүп кеткен унаанын айдоочусу Ош ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, бардык чыгымды төлөп бермей болгон. Кулап калган мамы өз убагында калыбына келтирилген», - деп айтылат ишкананын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×