Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 20.04.2018 12:21

Жоош айыл өкмөтүндө 9,2 млн сомго курулуп жаткан 3 ФАП күзүндө ишке берилет (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кошчу, Коммунизм, Агартуу айылдарында 9 млн 280 миң сомго 3 фельшердик-акушердик пункт курулуп жатат.

Аталган айыл өкмөттөн билдиришкендей, ФАПтарды күз айларында пайдаланууга берүү күтүлүүдө.

Агартуу айылындагы ФАПтын курулушуна мамлекеттик бюджеттен эсебинен 7 млн 800 миң сом бөлүнгөн. Анын пайдубалы, дубалы тургузулуп, чатыры жабылып, сырты шыбалды. Кызыл-Кошчу айылындагы ФАПтын курулушуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 650 миң сом бөлүнүп, пайдубалы, дубалы тургузулуп, чатыры жабылды. Ал эми Коммунизм айылындагы ФАПка жергиликтүү бюджеттин эсебинен 830 миң сом бөлүнүп, анын пайдубалы түптөлгөн.

Аталган айылдардагы ФАПтар ушул жылдын сентябрь айында пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×