Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ош

Кара-Сууда мыкты жаш тескөөчүлөрдү тандашты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-апрелде Кара-Суу районунда «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2018» сынагынын райондук туру жыйынтыкталды.

Райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, сынактын райондук туруна 9 мектептен 9 команда катышты. Алар саптык кароо, жаш жөнгө салуучу, болочок айдоочу, жол кыймылынын эрежелеринин билермандары, агитбригадалардын чыгышы багытында жарышышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Сматов атындагы мектептин командасы алса, 2-орунга Кызыл-Кыргызстан мектебинин командасы, ал эми 3-орунга Токтогул мектебинин командасы татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө райондук ички иштер бөлүмү тарабынан диплом, грамота жана баалуу белектер тапшырылды.

Сынак окуучулар арасында жол кырсыгын азайтуу, жол коопсуздугун сактоо, жол белгилерин үйрөтүү максатында уюштурулган.

Буга чейин аталган сынактын аймактык турлары өтүп, мыкты делген 9 команда сынактын райондук туруна жолдомо алган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1377
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×