Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ош

Кара-Сууда 26 жаштагы жигитти өлтүрө сүзүп, качып кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды

Turmush -  Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу унаа менен 26 жаштагы жигитти өлтүрө сүзүп, качып бараткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 18-апрелде саат 09:00 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Мачак тилкесинде «DAF» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Окуя болгон жерде Чоң-Алай районунун 1992-жылы туулган тургуну Б.М. каза болгон.

Тескөөчүлөрдүн жана криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде Жайыл районунун 1973-жылы туулган тургуну Т.У. Өзгөн районунда колго түшүрүлдү. Ал Бишкек шаары тарапка качып бара жаткан.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 797
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×