Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ош

Кара-суулук окуучулар коомдук көйгөйлөргө каршы жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 24-апрелде Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө 10 мектептен 500гө жакын окуучу жөө жүрүшкө чыкты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, окуучулар «Биз терроризмге каршыбыз!», «Жаштар диний экстремизмге жана терроризмге каршы!», «Биз эрте нике кыюуга каршыбыз!», «Суицидке каршыбыз!» ураандары астында жөө жүрүш жасашты. Иш-чарага Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы, Кара-Суу райондук админстрациясынын өкүлдөрү, имамдар, жергиликтүү тургундар жана мугалимдер катышты.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Таалайбек Тезекбаевдин айтымында, Сирияга айыл өкмөттүн аймагынан 13 адам кетип, алардын экөө кайтып келген. Ошондой эле 2017-жылы 18 жашка чыга элек 4 өспүрүм кыз турмуш курган. Алардын турмушка чыкканы төрөгөндөн кийин гана билинген. Бул фактылар боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн.

Мындай иш-чаралар Ош шаары жана Ош облусунун улуттук коопсуздук кызматтарынын биргелешкен «Коопсуз ордо» долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат. Долбоордун жүрүшүндө окуучуларга жана ата-энелерге диний экстремизмдин жана терроризмдин кесепеттери түшүндүрүлдү.

Кара-Суу РИИБдин диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Руслан Омошов билдиргендей, райондон Сирияга кеткендердин саны 242 адамды түзөт. «Алардын ичинен 27 адам өлкөгө кайтып келген. 27 адамдын ичинен үчөө жаш өспүрүмдөр болуп эсептелинет», - деди ал.

Шарк айыл өкмөтүнүн курамындагы 6 айылда 45 миң адам жашайт. Ал эми район боюнча жалпы 103 мектеп жана 205 мечит бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 762
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×