Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Кара-Суудагы Савай каналынын суусуна белгисиз адам агып кетти

Turmush -  Кара-Суу районунун Ак-Таш айылындагы Савай каналына түшүп кеткен белгисиз адамды издөө иштери бүгүн, 26-апрелде улантылып жатат. ӨКМдин маалыматы боюнча, азырынча ысымы тактала элек жаран сууга 24-апрель күнү саат 10:30 чамасында түшүп кеткени кабарланган.

Саат 18:00 чамасында РИИБдин кайрылуусунун негизинде ӨКМдин №102 куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө-куткаруу иштерине чыгып, бирок жыйынтык болгон жок. Ошондой эле издөө иштерине жергиликтүү тургундар жана 6 милиция кызматкери чыкты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 434
Көп окулду
×