Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 26.04.2018 11:50

Ошто 24 жаштагы айдоочу унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп өлтүрдү

Turmush -  Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кызыл-Мээнет айылында 24-апрель күнү саат 10:00 чамасында «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү автоунаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Жабырлануучу оор жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумду.

Кийинчерээк маркумдун өздүгү такталып, Өзбекстандын 42 жаштагы жараны экени аныкталган. Ал эми унааны Ош шаарынын 1994-жылы туулган тургуну башкарып жүргөнүн, Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Адам өмүрүн алган жол кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×