Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ош

Шарк айылындагы сарайдан чыккан өрт жанындагы үйгө жайылды

Turmush -  Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына караштуу Шарк айылында сарайдан өрт чыгып, жанындагы турак үйгө жайылды.

ӨКМдин маалыматы боюнча, өрттүн кесепетинен С.Шарипов көчөсүндөгү №82 дарегиндеги сарайдын шифер менен жабылган 95 чарчы метр чатыры, 2 тонна чөп күйгөн. Ошондой эле өрт жанындагы турак үйгө жайылып, анын 280 чарчы метр чатыры өрттөндү.

Учурда өрттүн себеби такталып жатат. Адамдар жабыркаган жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 669
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×