Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Ош—Бишкек жолунда жүк жана май ташуучу унаалар кагышып, 11 жаштагы бала менен айдоочу жабыркады (фото, видео)

Turmush -  Ош—Бишкек жолунун Кара-Суу районундагы аймагында жүк ташуучу унаа менен күйүүчү май ташыган унаа кагышкан жол кырсыктан эки адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-апрелде саат 10:15 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 659-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан май куюучу жайынын алдында «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаанын артынан сүзүп, андан соң күйүүчү май ташуучу автоунааны сүзүп токтогон. Натыйжада «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү ооруканага жерткирилген. Ал эми «Хово» жана «Хундай Портер» күйүүчү май ташуучу унаанын айдоочусу материалдык чыгымга учураган.

Маалым болгондой, «Хундай Портер» унаасы 1 торпок жана 2 кой жүктөп бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 1969-жылы туулган айдоочу жана 11 жаштагы жүргүнчү жараат алышкан.

Аталган кырсык боюнча Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынн тургөө иштери жүрүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1243
Көп окулду
×