Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ош

Кара-Сууда согуш ардагерлерине акчалай белек беришти (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кечээ, 2-майда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын үйлөрүнө барып кабар алды. Ал ардагерлерге кийим-кече жана акчалай сыйлыктарды тапшырып, бүгүнкү жаркын келечектин куруучулары, мекенди кашык каны калганча сактаган дал ошол аталар экенин белгилеп, алар менен жүз көрүшүп турганына сыймыктанарын билдирди.

Ошондой эле жергиликтүү бийликтегилер райондогу ар бир ардагердин ден соолугун текшерип, айыл өкмөттөр тарабынан да акчалай белектер берилди.

Учурда Кара-Суу району боюнча жалпы 11 ардагер бар. Алардын эң кичүүсү 94 жашта болсо, эң улуусу 103 жашка толду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1178
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×