Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ош

Октябрь айылындагы турак үйлөрдү суу каптады (фото)

Turmush -  Бүгүн, 4-майга караган түнү саат 04:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Октябрь айылында 10 турак үйдүн короосун суу каптады. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, Коңурат каналынан суу ашкан.

Болжол менен 1 турак үйдүн жер төлөсүнө, 4 ажатканага суу кирип, анын кесепетинен 2 ажаткана кулап түштү. Адамдар жабыркаган жок.

Турак үйдүн жер төлөсүндөгү сууну сордуруу үчүн саат 09:10до ӨКМдин Кара-Суу райондук №25 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жөнөтүлдү. Учурда каналдын суусу азайтылып, райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ чыгып кетти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1219
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×