Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 08.05.2018 13:02

Карапайым эл калып, акчалуулар жер алып жатат, - Папан айыл өкмөтүнүн тургундары (видео)

Turmush -  Көп жылдан бери жер тилке ала албай келген Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн тургундары АКИпресс-Ошто бүгүн, 8-майда маалымат жыйын куруп, бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурашты. Алар жер чыныгы муктаждарга эмес, акчалууларга берилип жатканын айтууда.

Маалымат жыйындын катышуучулары тиешелүү органдар Папан айыл өкмөтүнүн жетекчилигин тыкыр текшерүүгө алуусу зарыл деп эсептешет. Аталган айыл өкмөттөгү пенсионер Маматкасым Мурзабаев Папанга караштуу Учар айылындагы жер тилкелер башка айылдардын жашоочуларына берилип жатканын айтат.

«Балам 5 баласы менен Жапалакта башка адамдын үйүндө ижарада жашайт. 2010-жылдан бери Папан айыл өкмөтү жер бербей келет. Бул маселеде тургундар бийлик өкүлдөрүнө да кайрылганбыз. Карапайым эл калып, акчалуулар жер алып жатат. Папан айыл өкмөтүнө караган 3 гектар жер берилип кетти. Бирок карапайым элге эч нерсе жок. Бизге окшогон пенсионерлерди да ойлогула», - деди Маматкасым Мурзабаев.

Ошондой эле айылдагы пенсионер Турсунбай Садиров жер жоктугунан селден кийин коркунуч жаралган аймакта мажбур болуп жашап жатканын белгиледи.

«Мен тракторчу болуп пенсияга чыктым. 2010-жылы Кожокелен жолун сел каптап, 4 күн бою талаада жатканбыз. Ошондо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен башка жакка көчүрүү боюнча талап болгон. Ошондон бери жер ала албай жатабыз. Сел болбогондо жер сурабайт элем. 8 жылдан бери жер ала албай жүрөм. Эртең сел келсе каякка көчөм?», - деди Папан айыл өкмөтүнүн тургуну Турсунбай Садиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×