Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ош

Акыркы суткада өлкө аймагында 13 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 18 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 11-майда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кызыл-Мээнет айылында турак үйдөн өрт чыгып, өрт учурунда 150 чарчы метр полу менен шыбы күйгөн. Өрт кошуна үйгө жайылып, анын 98 чарчы метр чатыры өрттөнгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле электр зымдарынын кыска туташуусунан улам Жалал-Абаддын Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Төбөй айылында турак үй өрттөнүп, анын кесепетинен 46 чарчы метр чатыры, бөлмөнүн 36 чарчы метр шыбы жана эшик-терезелер күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 931
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×