Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 15.05.2018 13:32

Кара-Суудагы каналга түшүп кеткен адам изделип жатат

Turmush -  Бүгүн, 15-майда Кара-Суу районунун Эркин айылындагы Савай каналына түшүп кеткен 49 жаштагы адам изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, каналга 1969-жылы туулган А.Б. аттуу адамдын түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Саат 08:00дөн баштап жерине издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин 46 куткаруучусу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 70 адам чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×