Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ош

Айыл турмушу: Аралдын маданият үйүндөгү кол өнөрчүлөрдүн цехи бүтүндөй айыл өкмөттү тейлейт (видео)

Turmush -  Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылындагы маданият үйдүн бир бөлмөсүндө 4 жылдан бери кол өнөрчүлөрдүн цехи иштейт. Цехтин түзүүчүсү Актолкун Максутованын айтымында, бул ишти баштоого 100 миң сом каражат сарпталган.

Арал айылындагы кол өнөрчү аялдардын башын бириктирген ишкер айым Папан айыл аймагы боюнча буйрутмаларды алууга да жетишет. Алгач бир гана айылдан буйрутма алса, учурда командасы менен бүтүндөй айыл өкмөткө кызмат кылууда.

А.Максутова бул цех кантип түзүлгөнүн жана учурдагы абалы тууралуу айтып берди.

«Айылда кол өнөрчүлөр көп эле. Эң башкысы энеден балага өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүктөн уучубуз куру эместиги бизди сүйүндүрүп жатат. Цехти түзүү идеясы жаралганда алгач кол өнөрчүлөр чогулуп, алдыда эмне жасарыбызды кеңешип алдык. Цехке кийим тигүүчү техниканы жана кездемелерди сатып алуу үчүн жалпы 100 миң сом акча жумшадык. Ал убакта өзүбүздүн Арал айылынан гана буйрутма алып иштеп жатсак, азыркы күндө айыл өкмөт боюнча буйрутма беришет. Цехте негизинен аялдар жана эркектер үчүн кийимдер тигилет. Булгаарыдан эркектер үчүн кышта кийилүүчү жылуу кийимдерди, жылуу баш кийимдерди, аялдар үчүн дагы баш кийим тигебиз. Мындан сырткары айылдардан кыздардын себи үчүн буйрутма алып, аларга керектелүүчү бардык буюмдарды, көрпө-төшөктөрдү жасап жатабыз», - деди ал.

Буйрутмалардан түшкөн пайданы тең бөлгөндө ар бир кол өнөрчүгө айына орто эсеп менен 10 миң сомдон эмгек акы чыгат.

«Азыркы мезгилде буйрутмаларыбыз жакшы болуп жаткан учур. Кышкысын кышында кийиле турган жылуу кийимдерди көбүрөөк тиксек, башка мезгилде абалга жараша түрдүү кийимдерди тигебиз. Өзгөчө күз айларында кыздар үчүн сеп даярдалат. Кыш мезгилин эсепке албаганда, түшкөн пайданы ар бир кол өнөрчүгө бөлүштүргөндө айына 10 миң сомдон айлык акы катары бөлүштүрүлөт», - деп кошумчалады А.Максутова.

Цехте оймолор түшүрүлгөн шырдактар да жасалат. Кийизден жасалган буюмга түрдүү оймолорду түшүрүп, энеден калган өнөрдү улантып келе жаткан Гүлипа Матраимова кесиби боюнча айтып берди.

«Мурунку убакта бардык апалар жүндөн жип ийрип, кийизден жасалган буюмга оймолорду түшүрүшкөн. Мен дагы учурунда бул өнөрдү апамдан үйрөнгөн элем. Мен жасап жаткан шырдактардын жумушу көп болгону менен сапаттуу даярдалат.

Энеден калган өнөрдү муундан-муунга өткөрүү аялдардын парзы жана милдети. Акыркы убактарда бул өнөр бир аз унутулуп бараткандай. Айылда аялдарга дээрлик жумуш жокко эсе. Андыктан колдо бар өнөрдү унутпай, пайдалуу жумуштарды кылайын деп чечтим», - деди ал.

Цехте иштеген кол өнөрчүлөрдүн ар бири өзүнө бөлүнгөн ишти кылдаттык менен аткарышат. Айрыкча кызга сеп даярдоодо, буйрутма берген адамдын көңүлүнө төп келген буюмдарды тигүүдө талыкпаган эмгек жана жаңы идеялар зарыл. Кол өнөрчүлөрдүн мүчөсү Азада Сабирова сеп даярдоодогу зарыл учурларга токтолду.

«Мен да өзүм аркалаган өнөрдү апамдан үйрөнгөм. Учурда цехте кыздарга төшөк даярдайм. Менин ишим абдан кылдаттыкты талап кылат. Шырдакка оймону түшүрүүдө кандай эмгек талап кылынса, төшөккө оймону түшүрүү да ошондой эле эмгек. Эң негизгиси буйрутма берген адамдын көңүлүндөгү оймолорду билип алуу зарыл. Ал үчүн ар дайым жаңы оймолорду сунуштап туруу керек. Мен кызга сеп даярдоодо бири-биринен айырмаланып турушу үчүн колумдан келген аракеттерди жасайм», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4472
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×