Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 21.05.2018 11:58

Кара-Сууда 7 жаштагы велосипедчен баланы автоунаа сүзүп кетти

Turmush -  Кара-Суу районунда велосипед тээп бара жаткан 7 жаштагы баланы автоунаа сүзүп кетти. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, жабырлануучу учурда ооруканада дарыланып жатат.

Маалыматка ылайык, 19-май күнү саат 14:00 чамасында 1994-жылы туулган Э.К. өзүнүн «Мазда 323 F» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Савай айыл аймагынын Кең-Сай айылында бара жаткан. Ошол учурда аталган айылдын 2011-жылы туулган тургуну С.А. жолдун боюнда велосипед тээп бараткан. Аны унаа сүзүп кетип, жаракаты менен Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилди.

Учурда бул кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Кара-Суу РИИБдин тергөө бөлүмү тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×