Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Ошто жол эрежесин бузган милиционерге 1000 сом айып салынды (видео)

Turmush -  Ошто жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери өзү жол эрежесин бузду. Ага чара көрүлүп, 1000 сом айып пул салынганын Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун комсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, окуя 20-май күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Ош шаарынын В.Ленин көчөсүндө болгон. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун комсыздоо бөлүмүнө таандык «ВАЗ 21705» үлгүсүндөгү, мамлекеттик белгиси MVD 275 B болгон кызматтык автоунаанын айдоочусу жол чырактын кызыл жарагына жана ал жердеги жол сызыкка баш ийбей жол эрежесин бузган.

Бул факты боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп, аталган унаанын айдоосу, тактап айтканда Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун комсыздоо бөлүмүнүн кызматкери А.А. мыйзам чегинде жоопко тартылды. Ошондой эле кызматкерлерге мындай учур кайталанбасын деген талап менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2119
Көп окулду
×