Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Кара-Суудагы жол кырсыктан 8 адам жабыркады, кичүүсү 4 жашта (фото)

Turmush -  Кечээ, 21-майда Кара-Сууда 2 автоунаанын катышуусундагы жол кырсыктын кесепетинен жаракат алган 8 адам ооруканага жеткирилди.

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, окуя саат 13:00 чамасында ОшБишкек унаа жолунун 48-чакырымында болгон.

Такталган маалыматтар боюнча, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында Ош шаарынын 1980-жылы туулган тургуну К.А. башкарган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа каршы тилкеге чыгып, 27 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан «Хонда Фит» унаасы менен кагышкан. Анын кесепетинен 2 автоунаадагы жалпы 8 адам тез жардам кызматынын унаасы менен ооруканага жеткирилди. Жабаркагандардын арасында 4 жаштагы бала бар.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1048
Көп окулду
×