Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

20 жылдыктардын белеги: Кара-суулук жалгыз бой эне үйлүү болду (видео, фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кошчу айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепти 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр жалгыз бой энеге чоң кубаныч тартуулашты. Алар айылдагы жардамга муктаж жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү үй куруп беришкен.

Классташтардын өкүлү Данияр Абдыкадыровдун айтымында, курулуш иштерине жалпы 300 миң сомдон ашык каражат жумшалган.

«Биз Кызыл-Кошчу айылындагы орто мектепти аяктаганыбызга 20 жыл болду. Досторубуз менен кеңешип, айылыбыздагы колдоого муктаж энеге үй куруп берүүнү чечтик. Ал эненин жалгыз кызы бар. Ал кызы да турмушка чыгып, учурда өзү жалгыз жашайт. Учурда 2 бөлмөлүү үйдүн курулушун аяктады», - деди Д.Абдыкадыров.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8174
Көп окулду
×