Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Кара-Сууда 2 унаада өрт чыгып, бири толугу менен күйүп кетти

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 11 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 24-майда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Акыркы сутка ичинде Кара-Суу районунун аймагында эле бир нече өрт чыккан.

Шарк айыл аймагынын Фуркат айылында «ВАЗ 333» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок. Бул өрткө электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон. Ушундай эле себеп менен Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылында «ДАФ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын кабинасы күйгөн.

Ошондой эле Нариман айыл аймагында, тактап айтканда Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунун 26-чакырымында жайгашкан «Ата Курулуш» ЖЧКга караштуу вагондо өрт чыкты. Анын ичиндеги кийимдер өрттөнгөн. Бул өрткө дагы электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 578
Көп окулду
×