Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 24.05.2018 12:13

Кара-Сууда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр жардамга муктаж классташына 2 бөлмөлүү үй куруп беришти (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылындагы Н. Примбердиев атындагы орто мектепти 1998-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген классташына үй куруп беришти.

Бүтүрүүчүлөрдүн бири Шайырбек Чотмоновдун айтымында, учурда 2 бөлмөлүү үйдүн курулушу толук бүттү.

«Н.Примбердиев атындагы орто мектепти 1998-жылы бүтүргөн 30 бала ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген досубузга үй куруп берүүнү чечтик. Турак үйдүн курулушуна 200 миң сомго жакын каражат жумшадык. Анын курулуш иштерин өзүбүз бүтүргөнүбүз үчүн аз каражат сарпталды. Турак үй эки бөлмөдөн турат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×