Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 25.05.2018 17:30 На русском

Кара-Сууда «Мерседес» 2 унаа менен кагышып, жолдун четиндеги балдарды сүздү (фото)

Turmush -  Кечээ, 24-майда саат 17:00 чамасында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында 3 унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы болду.

Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, Алай районунун 1959-жылы туулган тургуну К.Б. «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып каршы тилкеге чыгып, «Ваз-2107» жана «Дэу Матиз» унаалары менен кагышкан. Ошондой эле аталган унаа жолдун четиндеги 1 жана 3 жаштагы балдарды сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жаракат алган балдар ооруканага жеткирилип, дарыгерлер алардын абалын оор деп баалашууда. Учурда бул факты боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×