Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 25.05.2018 18:06

Ош—Алай жолунда бүтүрүүчүлөр бараткан 30 жол тандабас кармалып, 15 айдоочуга айып салынды

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Ош—Алай жолунда бүтүрүүчүлөр бара жаткан 30 жол тандабас артка кайтарылды. Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, токтотулган унаалардын айрым айдоочуларына айып салынды.

Артка кайтарылган унаалардагы бүтүрүүчүлөр Алай районунун Чыйырчык эс алуу жайына бара жатышкан. Алардын ичинен 4 жол тандабастын тиешелүү документтери жок болгондуктан айып аянтчасына токтотулду. Ошондой эле 15 айдоочуга жол эрежелерин бузганы үчүн айып салынды.

received_2149391955338070

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×