Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ош

Фото, видео — Ошто «Кадиллак» жана «Мерседес» менен көңүл ачууга бараткан бүтүрүүчүлөрдүн кортежи токтотулду

Turmush -  Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 25-26-май күндөрү акыркы коңгуроо иш-чарасынын алкагында өткөрүлгөн рейдде эс алуучу жайларга бара жаткан автоунаалар токтотулуп, андагы бүтүрүүчүлөр үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Аталган башкармалыктын үгүт жана үндөө боюнча тескөөчүсү, милициянын капитаны Алтынбек Теңизбаевдин айтымында, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиги Ош ОИИБдин Кайгуул-күзөт кызматынын батальонунун жана аймактык милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ош—Сары-Таш—Эркечтам эл аралык маанидеги автожолунун 51-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун аймагында «Кадиллак» үлгүсүндөгү 3 жол тандабасты жана «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобусту токтотушкан.

Бул автоунааларда Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагындагы Тельман атындагы №49 орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү болгон. Текшерүү учурунда алар Алай районунан «Чыйырчык» эс алуу жайына бара жаткандыктары аныкталып, бүтүрүүчүлөр кайра артка Кара-Суу районуна жашаган жерлерине жөнөтүлдү. Ал эми айдоочуларга карата автоунааларга ашыкча жүргүнчүлөрдү ташып жүргөндүгү үчүн КРдин Административдик кодексинин 235-беренесинин негизинде протоколдор түзүлдү.

Ошондой эле, 25-май күнү Папан суу сактагычына бара жаткан 7 жол тандабас токтотулуп, андагы жүргүнчүлөр бүтүрүүчүлөр болгондуктан, алар кайрадан артка кайтарылган.

Андан сырткары, Алай районунда 9-классынын окуучусу, тактап айтканда 2002-жылы туулган К. К. өзүнүн атасына таандык «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунааны айдоочулук күбөлү жок айдап жүргөндүгү аныкталып, автоунаа Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн айып короосуна убактылуу токтотулду.

Буга чейин 25-май күнү 30 жол тандабас токтотулуп, андагы окуучулар үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашкандай, бардык айдоочуларга жана окуучуларга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8639
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×