Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 29.05.2018 09:37 Жаңыланды: 29.05.2018 10:11

Жеңеке: Рахима Дастанова китеп алмашып окуп жүргөн классташы менен бактылуу үй-бүлөнү түптөдү (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы Рахима Дастанова. Ал Кара-Суу районунун Папан айылында өсүп, классташына турмушка чыккан. Классташтардын бактылуу үй-бүлө куруп, ынтымакта жашап жатканына 15 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта кантип бактылуу жашаса болорун үйрөнгөн жеңебиз сырлары менен аймактык кабарчыгы бөлүштү.

Каарманыбыз жаңы келин болуп барганда кайын журтуна кызматы менен жакканын айтат.

«Жолдошумдун ысымы Данияр. Экөөбүз классташ болгондуктан ар дайым китеп алмашып окуп, аны талкуулап эле жүрө берчүбүз. Экөөбүздүн ортобузда романдагы каармандар тууралуу гана сөздөр айтылчу. Качан жактырып калганын билбейм. Мен жогорку окуу жайды аяктап жатканда жактыруу сезими бар экенин айтып, айылда жашайбыз деди. Ошол убакта шаарда мага жакшы мекемелерден жумушка орношуу боюнча сунуштар болуп жаткан. Баарынан баш тартып, классташ баламдын сунушун кабыл алгам. Канча балалуу болууну, эмнелер бизди күтүп турганын эч ойлонбостон, келечегибизди сүйлөшпөстөн баш коштук», - деди ал.

Рахима жеңе келген күнүнөн тартып кызыктуу окуяларга көп кабылган. Кайын атасынын дарысына алгач таң калса, кийин ал көнүмүш адатка айланыптыр. Учурда аларды көп эскерет.

«Кайын атам ооруп калса эле анальгин менен аспиринди иче берчү. Тиши ооруйбу, ичи ооруйбу, айтор ушул дарыны сурап ичип алчу. Алгач күлүп жүрдүм. Башкаларга да ушул эки дарыны гана сунуштай берчү.

Жолдошум экөөбүз таарынышып калганда өзүм сүйлөп, ичимдеги таарынычты кагазга жазып, столдун үстүнө коюп, жумушка кетчү элем. Аны окубай же көрбөй калса оку деп берип койчумун. Мындайда жолдошум күлүп кутулат», - деп кошумчалады.

Рахима жеңе кесиби боюнча музыка мугалими болгону менен айылда мугалимдердин жетишсиздигинен окуучуларга география, орус тили, музыка сабактарын окутту. Жумушка орношуп, арадан 6 ай өткөн соң мүдүрдүн окуу бөлүмү боюнча орун басары болуп дайындалган.

«Адам баласы сыйлуу болууну каалайбыз. Ал үчүн сыйлаганды да билүү керек. Сүйдүм-күйдүм деп ооз менен эле айта бербестен, сезимди аракет менен да билдирип туруу керек. Жолдошум кээде даамдуу тамактарды жасап берет. Мен азыр деле ичимдеги сезимдерди катка катып, аны жазып берип турам. Анда дайым эле таарынычтар эмес, жылуу сөздөр да камтылат. Бакыт тынчтыкты сүйгөндүктөн эл көрсүн деп бирөөлөргө көрүнүш үчүн аракеттерди жасоонун зарылдыгы жок. Келиндерге айтаарым, башка өлкөгө чыкканда ал жактын жарандыгын алсак да, албасак да мыйзамдарын туура сактайбыз. Үй-бүлө да ошол сыяктуу эле. Кааласак да каалабасак да кайын журттун өз мыйзамы, тарбиясы болот. Аларды сыйлап, сабыр кылсак бактылуу байбиче да болуу насип этет», - деди Рахима жеңеке.

Р.Дастанова өзүн ар тараптуу сыноону жакшы көрөт. Мугалимдиктен сырткары журналист катары да өзүн сынап көргөн. Мындан сырткары калем кармап, ыр жазууга да шыктуу. Учурда жолдошу Данияр мырза менен 3 уулду татыктуу тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×