Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Айыл турмушу: Жаш дарыгерлер М.Расулов менен А.Абдиев ооруканага баруу үчүн 100 чакырым жолду басышат (фото)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Социализм айылынын тургуну Майсалбек Расулов жана Араван районунун Маданият айылынын жашоочусу Адахан Абдиев жумасына жок дегенде 3 жолу 100 чакырымдан ашуун жолду басып өтүп, Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүндөгү ооруканага жумушка барышат. Бир жылдан бери алыска каттап иштеп жатышкан дарыгерлер жумушу тууралуу айтып беришти.

М.Расулов учурда 27 жашта. Ал 1 жыл мурун ординатурасын аяктап, Папан айыл өкмөтүндөгү ооруканада эмгектенип баштаган.

«2009-жылы жогорку окуу жайдан медициналык билим алып баштап, 2015-жылы аяктадым. Ал эми 2017-жылы ординатураны бүтүргөндөн кийин Папан айыл өкмөтүндөгү ооруканада иштеп жатам. Жумасына үйүмө 2-3 жолу барам. Социализм айылы менен Папандагы оорукананын аралыгы 100 чакырымга жакындап калат.

Мен кичинемден эле бул кесипти жакшы көрчүмүн. Мүмкүн ошондуктан жолдун алыстыгына карабай иштеп жаткандырмын. Үйдөн жумушка барганга чейин бир кыйла убакыт өтүп кетет. Бирок жумушка келип, күнүгө бейтаптар менен жолугушуп, ишке сүңгүп кеткенде жолдун азабы да эстен чыгат экен», - деди ал.

Жаш дарыгер кесиби боюнча кардиолог. Бирок ооруканада үй-бүлөлүк дарыгер да, кардиолог да болуп эмгектенүүдө.

«Кесибим кардиолог. Бизге кан басымы жогорулап кеткендер да абдан көп кайрылышат. Айылда жашоочулардын 80 пайызы эле жогорку кан басымдан жабыркашат. Жатакана маселеси боюнча айтсам, үйгө жумасына 2-3 жолу, кээде 1 жолу барам. Үйгө барбай калган күндөрү ооруканада бизге окшоп алыстан келген дарыгерлерге бөлүнгөн бөлмөдө түнөйм.

Деги эле айылдарга дарыгерлер көп келе бербейт. Ал эми Кыргызстандын калкынын көпчүлүгү айылдарда жашайт. Ошондуктан айылдын элинин саламаттыгына кам көрүү маанилүү», - деди дарыгер.

Анын теңтушу Адахан Абдиев Араван районунун Маданият айылынын жашоочусу. Майсалбектей эле ал дагы окууну 2015-жылы аяктап, 2017-жылы ординатураны бүтүргөн. Дээрлик 1 жылдан бери Папандагы ооруканага Маданият айылынан каттап иштеп жатат.

«Дээрлик 1 жылдан бери жумасына 2-3 жолу айылдан каттайм. Кээде 1 жолу үйгө барып калышым мүмкүн. Айтайын дегеним, кесибин сүйгөн адам эч кандай тоскоолдуктарга багынбашы керек. Тоскоолдукка баш ийбөө үчүн тынбай аракет кылуу зарыл. Учурда көйгөйдүн көпчүлүгү айылда. Жаштар, адистер алгач айылдагы көйгөйлөрдү чечүүнү үйрөнүп, андан кийин шаарга барса чыныгы кесипкөй болот. Мен кесибим боюнча терапевт дарыгермин. Учурда өз кесибим менен талыкпай эмгектенип жатам. Жалпыбызга маалым болгондой, жаштар айылдарга келип иштөөнү каалашпайт. Айылга бизге окшогон жаштар келип иштебегенде ким иштемек эле? Ошондуктан биринчи кезекте жаш кадрлар жумушту айылдан башташы керек, ар бир адам кесибине жан дили менен берилип, ардакташы зарыл», - деди.

Майсалбек Расулов үй-бүлөдө 4 бир тууган болсо, Адахан Абдиев 3 бир тууган, учурда үй-бүлөлүү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1066
Көп окулду
×