Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Ак-Буура дарыясынан ток менен балык кармагандар табылды

Turmush -  Кара-Суу районунун Папан айыл аймагына караштуу Тарылга аймагынан агып өткөн Ак-Буура дарыясынан 11 баш форель балыгын мыйзамсыз кармаган 2 балыкчы табылды. Алардын бири Ош шаарынын, экинчиси Папан айыл аймагынын тургуну экенин Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Оштогу өкүлү Төлөнбай Каримов кабарчыга билдирди.

Мыйзам боюнча ар бир балык 505 сомдон эсептелет. Мыйзамсыз кармалган 11 балык үчүн жалпы 5 миң 555 сом доо коюлду. Ага кошо 7 миң сом административдик айып салынган.

Кармалган жарандар электр тогунун жардамында балык кармап жатканын жергиликтүү тургундар 2-июнь күнү видеого тартып алып, ал тасма социалдык түйүндөр аркылуу тараган. Натыйжада балык кармаган жарандар табылып, мамлекетке келтирилген зыян төлөнмөй болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 457
Көп окулду
×