Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 07.06.2018 14:15

Ак-Буура суусуна жол тандабас менен барып мыйзамсыз балык кармагандар кармалды (видео, фото)

Turmush -  Кара-Суу районунда мыйзамсыз балык кармаган 2 балыкчы кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн Араван районундагы аңчы адиси, түштүк аймагы боюнча ыкчам топтун башчысы Төлөнбай Каримов билдирди.

Маалым болгондой, 2-июнда кечке жуук Кара-Суу районунун Папан айыл аймагына караштуу Тарылга участкасынан агып өткөн Ак-Буура дарыясынан 11 баш форель балыгын тор менен мыйзамсыз кармап жаткан 2 жаран камалган. Кармалгандардын бири Ош шаарынын, экинчиси Папан айыл аймагынын тургуну болушкан.

«Мыйзам боюнча ар бир балык 505 сомдон эсептелет. Мыйзамсыз кармалган 11 балык үчүн жалпы 5 миң 555 сом доо коюлду. Ага кошо 7 миң сом административдик айып салынды.

Кармалган жарандарды жергиликтүү тургундар видеого тартып алып, ал тасма интернетке тарап кеткен. Натыйжада балык кармаган жарандар табылып, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн аталган каражатты төлөп бермей болушту», - деди Төлөнбай Каримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×