Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Кара-Сууда көп балалуу апалар «Эне даңкы» медалы менен «Баатыр эне» орденин алышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 8-июнда Кара-Суу районунда көп балалуу энелерге сыйлык тапшырылды. Райадминистрация маалымдагандай, аким Тилек Матраимов жалпы 88 энеге — анын ичинде 76 аялга «Баатыр эне» орденин, 12 энеге «Эне даңкы» медалын такты.

Сыйлыктардын ээлери өлкө башчынын 16-майдагы жарлыгынын негизинде такталган.

Сыйлык ээлеринин бири — Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жашоочусу Эркайым Акматалиева. Ал 7 баланы өстүрүп, 4 баласын жогорку билимдүү кылганы үчүн «Баатыр эне» орденине татыды.

Кара-Суу райондук администрациянын маалыматына караганда, район боюнча 1,5 миңден ашуун баатыр эне бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 466
Көп окулду
×