Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Кара-Суунун Агартуу айылында бир туугандардын жер талашына чекит коюла элек (видео)

Turmush -  Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Агартуу айылындагы бир туугандар жер талашып, сотко чейин кайрылган. Бир туугандардын бири — 2-топтогу майып экенин айткан Таштан Жороев агасынын аялы жерди мыйзамсыз тартып алганын, Россиянын жараны болгон уулдарына жерди каттатып койгонун АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

«Менин бир тууган агам 2000-жылдары чайкана, наабайкана салам деп жолдун боюнан жер алган. Жер толугу менен документтештирилбей калган эле. 2004-жылы апам каза болуп калды. Ага чейин агам алган жолдун боюндагы жерди мен ала турганымды айтып кеткен. Апам каза болгондо жеңем үйдөн жердин документтерин уурдап кетиптир. Агам менен жеңем ажырашып кеткен эле. Жеңемдин эки баласы Россиянын жараны. Азыр жер жеңемдин улуу баласынын атында. Биз жерди алуу үчүн Кара-Суу райондук сотуна, прокуратурага кайрылдык. Бирок биздин ишибизди карабай жатышат», - деди Т.Жороев.

Анын бөлөсү Абдыкадыр Кубатбековдун айтымында, Бузия Закирова айыл өкмөттө салык жыйноочу адис болгону үчүн жерди уулуна өткөрүп берип койгон.

«Эжем каза боло элегинде жерди уулум Таштанга өткөрүп койдум деген эле. Бирок жеңеси айыл өкмөттө салыкчы болуп иштегенине байланыштуу жерди уулуна өткөрүп алган», - деди А.Кубатбеков.

Таштан Жороевдин аялы Анипахан Умарованын айтымында, жеңеси жер алып берем деп убадалаган болчу.

«Жолдун боюндагы жерди айылдагы Арстан деген айылдашыбыздын жерине кайненем каза боло элегинде алмаштырган. Ошол кезде жерге кезек келип калган үчүн Таштандын атына токтом чыкканын уккан элем. Жакшы маани бербептирмин. Качан гана жеңем ошол жерге үй салып баштаганда уулуна каттатып алганын билдим. Жеңем ошол убакта бизге жер алып берем дегендей кылган», - деди А.Умарова.

Ал эми жерге документ түрүндө ээлик кылган Чыңгыз Жороев Кыргызстандын жараны экенин айтты.

«Мен Кыргызстандын эле жаранымын. Буга чейин райондук прокуратурага, сотко чейин арыз жазышты. Мен паспортторума чейин алып барып көрсөтүп келдим», - деди Ч.Жороев.

Ал эми жерди баласынын атына каттатып алды деп айыптап жатышкан Бузия Закирова жер айыл өкмөт тарабынан мыйзам чегинде берилгенин айтууда.

«Мен жерди өзүм ээлей албайм. Архитектура, мамлекеттик каттоо бөлүмдөрү бар. Баламдын жаш курагы келип калгандыктан жер алуу боюнча айыл өкмөткө кайрылгам. Алар 2010-жылы азыркы талаш болуп жаткан жерди беришкен. Убагында жолдошум ал жерге чайхана курам деп эле ижарага алган, бирок документтештирилген эмес. Чайхана курулбай, жер ээсиз калган экен. Мен айыл өкмөттөн нан таап жеп жатам деп балдарымды көчөгө таштап койбойм. Жерди талашып жаткан кайним Таштан Жороевдин 15 сотых жери менен үйү бар. Аны баласына өткөрүп койгон. 4 балалуу болгондо жолдошум менен ажырашып кеткенбиз. Кайним менен бөлөсү мурдатан эле мага тынчтык бербей, кайрылбаган жери калган жок. Азыр жер баламдын атында, документи бар. Мен болгону айыл өкмөттө салык чогултуп иштейм. Балдарым шартка байланыштуу Россияга барып иштеп келишти, бирок Кыргызстандын эле жарандары», - деди Б.Закирова.

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Тиллебаевдин айтымында, жер мыйзамдуу берилген. Ал эми жерди талашып жаткан Таштан Жороевдин бир дагы документи жок экенин айтты.

«Жер 2007-жылы берилген. Алар райондук прокуратурага чейин кайрылышкан. Бизге келип, териштирүү жүргүзүшкөндө Таштан Жороевдин атында бир дагы документ жок болуп чыккан. Ал жер ээн жатканда мыйзам боюнча берилген», - деди Ж.Тиллебаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 451
Көп окулду
×