Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 14.06.2018 10:03

Жарылуучу зат тууралуу билдирүү түшкөн: Кара-Суудагы Папан суу сактагычында машыгуу өттү

Turmush -  Кечээ, 13-июнда саат 13:50 чамасында Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагында жайгашкан Папан суу сактагычын текшерүү үчүн куткаруучулардын тобу барды. Куткаруучулар белгисиз жарылуучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин жөнөп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя болгон жерге өзүнчө куткаруу отрядынын 10 куткаруучусу барганда Папан суу сактагычында УКМКнын кызматкерлери машыгуу иш-чараларын өткөрүп жатканы аныкталган. Аталган аймакка УКМК, ИИМдин кызматкерлери жана ӨКМдин куткаруучулары тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×