Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 19.06.2018 11:09 Жаңыланды: 19.06.2018 13:40 На русском

Кара-Сууда 3 унаа кагышып, жүк ташыган унаа оодарылып кетти (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 19-июнда саат 06:30 чамасында Кара-Суу районунун аймагында 3 автоунаа кагышып, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Алгач «Лехсус» үлгүсүндөгү автоунаа «Мерседес-Бенц» жүк ташуучу автоунаасы менен кагышып, андан кийин «Хонда Жазз» автоунаасын сүзүп токтогон. Анын кесепетинен жүк ташуучу автоунаа оодарылып кеткен. Кырсыктан кийин эки жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

Учурда бул окуя боюнча Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин күбөлөр Кара-Суу районунун Фуркат айылына жакын жерде алма ташып бара жаткан автоунаа аңтарылып, жеңил унаа жолдон чыгып кеткенин билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×