Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 20.06.2018 13:20 Жаңыланды: 20.06.2018 19:10 На русском

Айыл турмушу: Депутаттын апасы 3 гектар бакчада алча өстүрүп, жылына 700 миң сомдой киреше алат (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Мады айылында жашаган 68 жаштагы Бегайым Шайназарова 20 жылдан бери багбанчылык менен алек. Багбан энеден Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров тарбия алган.

Б.Шайназарова өзү өстүргөн алчанын (кокон гилас — диал.) түшүмүнөн жылына 700 миң сомго чейин пайда таба турганын аймактык кабарчыга айтып берди. Бирок быйыл түшүм жылдагы салыштырмалуу азыраак.

«СССР тарап, ар ким өз жолуна түшкөн убак эле. Союз убагындагы колхоздордун жери элге бөлүнүп баштаган. Ал убакта жер тилкелер колхоздун жерине жакын жайгашкан үйлөрдүн ээлерине бериле турган эреже бар экен. Колхоздун жерине биздин үй жакын болгондуктан бизге да жер берилген. Ошондой эле кийинчерээк ага кошуп башка жер тилкелерин да сатып алдык. Жерибиздин жалпы аянты 3 гектарга чамалап калат. Алгач пахта, сабиз өстүрсөк, кийин Кызыл-Кыя шаарынан алча алып келип эктик. Алгач саналуу гана көчөттөрдү отургузуп, убакыт өткөн сайын алардын санын көбөйтүп отуруп, учурда 400 түпкө жакын гилас бар. Ошондой эле 15 түп жаңгак, 5-6 түп алма өсөт», - деди Б.Шайназарова.

Багбан эне алчадан мол түшүм алуу үчүн аларга жакшы кам көрүүгө аракет кылат.

«Жаңы отургузулган көчөттөргө жакшы кам көрүлсө 6 жылда түшүм берет. Алчалар да адамга окшош, болгону баспайт жана сүйлөбөйт (күлүп). Булардын өпкөсү жана башка органдары бар, алар да жашоо үчүн күрөшөт. Айтайын дегеним, алчалар кайсы убакта ашыкча бутактарынан, ашыкча шактарынан арылтуу керектигин өздөрү белги кылышат. Башка адам байкабашы мүмкүн, балким мен 20 жылдан бери ушулар менен алек болгонум үчүнбү, айтор өздөрү белги бергенсийт. Алчаларды убагында бутап, убагында суу берип, убагында ооруларга каршы дарылап турсаң эле мол түшүм берет. Алчанын жалбырагы — анын өпкөсү болот. Анкени жалбырагы жакшы каралбаса, сабагына, тамырына зыян болушу мүмкүн. Айтор, канча жакшы кам көрсөң, түшүмү да ошого жараша болот.

Быйыл 5-6 тонна түшүм алам деп болжолдоп турам. Аба ырайы салкын болуп, мөндүр көп жаагандыктан көп алча мөмө байлабай калды. Жакшы түшүм берген жылдары 12-13 тонна алча жыйнайбыз.

Бактагы алчалар 14 жылдан бери түшүм берип келет. Менин убактымдын көпчүлүк бөлүгү да ушул бакчада өтөт. Эгерде жакшы багылса алчалар 70-80 жылга чейин түшүм берет», - деди багбан эне.

Мады айылында Бегайым Шайназарованы тааныбагандар жокко эсе. Айылда анын мындай жумушун алкоого алгандар четтен табылат. Өзүн Жамийла Каракожонова деп тааныштырган Мады айылынын тургуну Бегайым эне эркектерге тиешелүү жумушту өздөштүрүп алганы мактоого татыйт деп эсептейт.

«Багбанчылык дээрлик эркектердин жумушу эмеспи. Мады айылында, балким Ош облусу боюнча Бегайым эне жалгыз багбан айым болсо керек деп ойлойм. Ал ар дайым биз менен баарлашканда жумуш жөнүндө сүйлөйт. Ар бир адам эмгек кылса Кыргызстан өнүгөт деп айтат. Багбанчылык аялдардын эле эмес, анча-мынча эркектердин колунан деле келбейт. Анын бул жумушу алкоого татыйт деп ойлом», - деди ал.

10 жылдан бери Б.Шайназаровага жардамчы катары иштеп келе жаткан Бегайим Эшимбетова анын эмгеги менен ээн талаа бакчага айланганын кошумчалады.

«10 жылдан бери Бегайым эненин жумушуна жардам берем. Мурун бул жерлер ээн жатчу. Эми мынтип бакчага айланды», - деди Б.Эшимбетова.

Бегайым Шайназарова алчанын түшүмүнөн түшкөн кирешенин эсебинен 4 жолу Мекке шаарына зыярат кылып келген. Ал эми кесиби боюнча биолог. Жолдошу милиция кызматында эмгектенип жүрүп, пенсияга чыккан.

Учурда жубайлардын 2 уул, 3 кызы жана 20дан ашуун неберелери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×