Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Кара-Сууда медицина кызматкерлеринин арасында волейбол жана футбол мелдеши өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-июнда Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлери 30-июнь — Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата волейбол жана футбол боюнча мелдештерди өткөрүштү.

Кара-Суу райондук медицина борборунун директору Динара Токторбаева билдиргендей, спорттук иш-чарага райондогу бардык медицина кызматкерлери катышты. «Иш-чаранын башкы максаты — ден соолукту чыңдоо менен бирге кызматкерлер арасында ынтымакты арттыруу болуп саналат», - деди ал.

Спорттук иш-чара эки этапта өттү. Аялдар арасында өткөн волейбол боюнча мелдешке 7 команда катышса, ал эми футбол боюнча эркектер арасындагы мелдеште 5 команда күч сынашты.

Жыйынтыгында волей мелдешинде 1-орунду Учар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 2-орунду Жыл-Келди үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 3-орунду Курманжан датка үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу багындырды. Футбол мелдешинде 1-орунга үй-бүлөлүк медицина борбору ээ болсо, 2-орунду кеңеш берүү бөлүмү алды. Ал эми 3-орунду Кашкар-Кыштак үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу багындырды. Оюндардын жүрүшүндө «Мыкты оюнчу», «Мыкты дарбазачы» наамдарынын ээлери да белгилүү болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 749
Көп окулду
×