Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Кара-Сууда 81 жаштагы жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп өлтүрдү (фото)

Turmush -  Бишкек—Ош жолунун 638-чакырымында, тактап айтканда Оштогу Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Садырбай айылында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык катталды. Окуя кечээ, 25-июнда саат 21:30 чамасында болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Ниссан Пресаж» үлгүсүндөгү унааны Сузак районунун 1961-жылы туулган тургуну Б.К. башкарып бара жаткан. Унаа Садырбай айылына жеткенде жолдон өтүп бараткан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Ал жабырлануучу оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болду. Кийин анын өздүгү такталып, 1937-жылы туулган жергиликтүү тургун (эркек киши) экени аныкталган.

Учурда бул окуя боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 657
Көп окулду
×