Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 26.06.2018 12:34 На русском

Ишкавандыктар нааразычылык билдирип чыгышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 26-июнда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Ишкаван айылында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Жергиликтүү тургундар 20 гектардан ашуун жерди генерал ээлеп алганын айтып, мыйзамсыз аракеттерге чара көрүүнү талап кылууда.

Нааразы болгондордун айтымында, 1995-жылга чейин совхоздун гаражы болуп турган имаратты генерал сатып алган. Ал эми мыйзам боюнча ал жер элдин үлүшү болуп эсептелет.

Бирок генералдын мыйзамдуу өкүлү нааразычылык акциянын катышуучулары айткан маалыматтарды четке какты.

Буга чейин бул айылдын тургундары генерал менен чечилбеген чыр тууралуу АКИпресс-Ошто маалымат жыйын уюштурушкан.

Жергиликтүү тургун Таштан Карабаевдин айтымында, соттор мыйзамды сактап, жерди элге өткөрүп бериши керек.

«Биздин ар бирибизге берилген 2 сотыхтан жерибизди бир адам ижарага алган. Андан жер тилкелерди өз алдынча сата баштады. Биз бул боюнча соттошуп, эки жолу уттук. Эми алар Жогорку сотко кайрылды. Биздин талап — Жогорку сот да элдин талабын канааттандырсын. Бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылганбыз.

Карапайым эл мыйзамдарды билбей калат экен. 600дөй кожолукту "койгула, мыйзам бар" деп алаксытып жатабыз», - деген Таштан Карабаев.

Ишкаван айылынын тургуну Меликозу Маматалиев айыл өкмөт да жерди алгандар менен соттошуп, жеңип чыкканын кошумчалады. «Айыл өкмөт да утту, эл да өзүнчө сотко бердик. Жогорку сот да туура чечип берсин деген сураныч менен чыктык», - деди ал.

Ал эми Бөрүбаевдердин мыйзамдуу өкүлү Гүлчөбек Максутов маалымат жыйында айтылгандарды четке кагып, мыйзамдуу документтер бар экенин айтты.

«6 гектар жер мамлекеттик акты менен алынган. Андан тышкары 10 гектар жерди 25 жылга ижарага алган. Андан тышкары эски кыш заводдун жеринен 3 гектар 23 сотых жер мыйзамдуу берилген. Айыл өкмөт менен келишим бар, 2001-жылы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн токтому чыккан. Ал жердин 1 метри да башкарларга сатылган эмес», - деди Г.Максутов.

Ал эми тургундардын жактоочусу Азатбек Бектемиров элдин жеринен 27 адамга мыйзамсыз жер тилкелери сатылганин билдирди.

«2001-жылы айыл өкмөт бүдөмүк токтом чыгарган. Дал ушул токтомдун негизинде талаш жаралды. Генералдын аялы ал жердеги гаражды эле сатып алган. Кайра гараждын айланасындагы кайрак жерди 27 адамга сатыптыр. Ал жердегилердин алды үй кура баштады. Айыл өкмөт тарыбынан берилген токтомду жокко чыгарууну райондор аралык сот жана Ош облусунун экономикалык соттук коллегиясы да канааттандырган. Тактап айтканда, эл тарапка чечип берген. Эми бул маселе Жогорку сотто каралат», - деди А.Бектемиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×