Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 26.06.2018 16:50

Видео — Ишкавандыктар менен генералдын талашына түшкөн 32 гектар жердин тагдыры чечиле элек

Turmush -  Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Ишкаван айылынын тургундары 32 гектар үлүш жерди Мирзалим Бөрүбаев аттуу генерал мыйзамсыз сатып жатканына нааразычылык билдирип келишет. Алар бүгүн, 26-июнда аталган жерге чогулуп, талаптарын айткандан кийин тарап кетишти.

Чогулгандардын жанына көп убакыт өтпөй өзүн генералдын жубайы Хадича Бөрүбаеванын жактоочусумун деп тааныштырган Лабара Тешебаева келди. Ал жерде пикир келишпестиктер жаралып, жактоочу менен чогулгандар кайым айтышууга чейин барышты, деп билдирди кабарчы.

Аталган айылдын тургуну Мамиржан Кожобековдун айтымында, 32 гектар жер элдин үлүш жери. Ага көп жылдан бери салык төлөп келишет.

«Бул жер элдин үлүшү. Генерал ал жерде жайгашкан эски совхоздун гаражын сатып алган. Аны талашпайбыз. Аны керек болсо бузуп алып кетсин. Бирок эң өкүнүчтүүсү — бул жерди четинен сатып жатышат», - деди ал.

Ал эми жактоочу Л.Тешебаева элдин сөзүн таптакыр четке какты. Анын айтымында, эл аталган жерге мыйзамсыз чогулуп жатат.

«Элдин бул жерде чогулуп жатканы мыйзамсыз. Анткени алар бизди сотко берген. Соттун чечими чыкмайынча бул жер эч кимдики эмес. Ал эми документтер менен таанышканымда аталган жерди 1997-жылы «Бостон» ассоциациясы Х.Бөрүбаевага саткан экен. Келишимде гараж жана 6 гектар жер деп жазылган. Азыркы күндө Бөрүбаеванын ушундай негиздеги документтери бар», - деди жактоочу.

Бирок тургундар генералда 9 гектар 40 сотых жерди сатып алганы боюнча документи жок экенин, мындан улам 1 жыл ичинде генерал 28 жолу соттук кароодо уттурганын айтышты. Алардын айтымында, бүгүн эл менен жолугушууга келген жактоочу бул ишти жаңы карап жаткандыктан айткандарынын чын-төгүнүн билбейт.

Ал эми Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Манап Макамбаев да жер элге караштуу экенин айтты.

«Бул маселе боюнча айыл өкмөт тиешелүү тараптарды сотко берген. Соттун чечими чыккандан кийин кошумча маалымат беребиз», - деди ал.

Аталган айылдын дагы бир жашоочусу Осмонали Пайызов 6-июлда чыга турган соттун чечимин күтүп турушканын кошумчалады. «Элди соттун чечимин күткүлө деп соороттук. Болбосо, бул жактагы жаштар гаражын бузуп, жерди ээлеп алабыз деп жатышат», - деди О.Пайызов.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, Ишкаван айылында 450 үй-бүлө, 83 дыйкан чарба жана 37 гектар үлүш жер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×