Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 30.06.2018 10:57

Ысырапчылыкка бөгөт: Кара-Сууда адам каза болгондон кийинки жөрөлгөлөрдү жасоо токтотулуп жатат

Turmush -  Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүндөгү айылдарда адамдын өлүмүнөн кийин жасалуучу жөрөлгөлөргө тыюу салуу боюнча жыйындар байма-бай өткөрүлүп келет. Учурда айыл өкмөт жана элдин демилгеси менен бир канча айылда жөрөлгөлөр жасалбай калган.

Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Курбанбек Мияшевдин айтымында, айыл өкмөт менен эл кеңешип, чечим кабыл алышкан. Буга чейин өткөрүлгөн жыйында өлүмдөн кийин маркумдун кырк күнүн, жылдыгын белгилөө сыяктуу жөрөлгөлөр айрым колунда жок адамдарга кыйынчылык жаратып жаткандыгы айтылып, аларды болтурбоо жана азайтуу боюнча сүйлөшүү жүргөн.

«Мындай жыйындарды айыл өкмөт эл менен биргеликте байма-бай өткөрүп келет. Мурун адамдын көзү өткөндөн кийин кырк күндүгүн белгилеп, ага жылкы союп, чыгым көп кетчү. Учурда айыл өкмөттөгү бардык айылдарда өлүмдөн кийинки жөрөлгөлөр толук аткарылбай калды дегенден алысмын, бирок мурдагыга караганда кыскарды», - деди К.Мияшев.

Эки жылдан бери аталган айыл өкмөткө караштуу Бөөрү айылында өлүмдөн кийинки жөрөлгөлөр аткарылбай калган. Айылдыктар көзү өткөн жакындарынын тажыясын гана өткөрүп, калган жөрөлгөлөрдү жасабайт. Мындай көрүнүштү айыл аймактын башка айылдарынан да байкоого болот.

Буга чейин Орозо айтта мал союлуп, каза болгон адамдарга куран окутулса, быйыл көз жумгандарга жалпы куран түшүрүшкөн.

Папан айыл өкмөтүнүн курамында 17 айыл бар. Калктын саны 17,5 миң адамды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×